Бекешев: Президент экономикадагы ӨА режими тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон жок

Президент Садыр Жапаров «Экономикага өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна кол койгон жок. Бул тууралуу 24-январда депутат Дастан Бекешев телеграм-каналында билдирди.

Бекешевдин айтымында, буга чейин депутаттар президенттин сын-пикирин эске алуу менен мыйзам долбоорун Садыр Жапаровдун кол коюусуна эки жолу жөнөтүшкөн.

«Үчүнчү жолкусунда [президент] мыйзам долбоорунун кереги жок деп койду. Бул долбоордун мындан ары министрлер кабинетине да, президентке да кереги жок болуп калды. Ушул мыйзам долбоорунун айынан ушунча талашып, урушуп, ал тургай канча убакытты текке кетирдик», — деди Бекешев.

Мыйзам долбооруна ылайык, экономикага өзгөчө абал режими киргизилгенде министрлер кабинети Жогорку Кеңеш менен макулдашпай туруп мамлекеттик бюджеттин кирешеси менен чыгашасынын 20%на ээлик кыла алмак.

Экономикага өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу долбоорду парламенттин алтынчы чакырылышы 2021-жылдын июль айында эле кабыл алган. Ошол учурда эле Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит документте «ишкерчилик субъектисине жана жалпы эле өлкө экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон» ченемдер камтылганын билдирген болчу.

Ошондой эле Орд-Смитте министрлер кабинетине салык төлөөчүлөр үчүн кошумча милдеттемелерди киргизүүгө жана салык башкаруунун жол-жоболорун өзгөртүүгө мүмкүндүк берүү чараларынын ачык-айкындуулугуна байланыштуу суроолор болгон. Ал эми экономисттер мамлекет бул мыйзам долбоору менен бизнести жөнгө салууга аракет кылууда дешкен.

Мыйзам долбоорун минкаб төрагасы, ошол кездеги экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров сунуштаган.