Евгения Строкова Бишкектин Свердлов шайлооо округунан депутатыкка талапкер болуу ниетин билдирди

Евгения Строкова

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Евгения Строкова Бишкектин №29 Свердлов округунан шайлоого катышуу үчүн 22-январда БШКга арыз берди. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.

Строкова алтынчы чакырылыштын депутаты, парламентке 2015-жылы КСДПнын катарында келген . Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын катарында барган.

2020-жылы үгүт учурунда соцтармактарга Строкованын жүгөрү чогулткан комбайнды айдаган видеосу тараган.

«Митинг кылып жатасыңарбы*… Биз болсо түшүм жыйнап жүрөбүз! Талаанын ханышасы!!!»— деп жазган ошол убакта өзү жөнүндө.

*Строкова анда болжолдуу эркиндик үчүн акциясын айткысы келген болушу мүмкүн. Анда митингге «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирген сөзү себеп болгон.

Экс-депутат Строкова хосписттерге сын айтып, ошондой эле интернетти цензуралай турган «маалыматты манипуляциялоо» тууралуу чуулгандуу мыйзамын колдоп чыккандыгы менен дагы белгилүү. Мындан сырткары, Строкова эмгек мигранттарына балдарын өздөрү менен чогуу алып кетүүсүн же Кыргызстанда калып тарбиялоосун милдеттендирүүнү сунуштаган.

Economist.kg басылмасынын журналисттери 2019-жылы Строкованын дээрлик 2 млн доллар жүгүртүмү бар «Новое время» («Жаңы учур») фонду тууралуу иликтөө жарыялаган. Ал эми Строкова иликтөөнү «буйрутма» деп атап, анын артында «онкологиялык фонддор» турушу мүмкүн деп билдирген.

2020-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоодо парламентке 36 бир мандаттуу округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келген. Ал эми Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер көп болгон. Мындан улам 2022-жылдын 27-февралына аталган эки округда кайра шайлоо дайындалган.

24-январга карата Боршайком №27 Биринчи май округунан беш, №29 Свердлов округунан 11 талапкерди каттады.

ТЕМА БОЮНЧА:

БШК Рыскелди Момбековду талапкер катары каттоодон баш тартты