БШК Рыскелди Момбековду талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечимди БШКнын 10 мүчөсү бир добуштан колдоду.

Буга Момбековдун «белгиленген тартипте жогорку билими тууралуу дипломун тапшырбаганы» негиз болду.

БШКнын жумушчу тобунун маалыматына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктабаганын билдирген. Ал эми отурумга катышкан министрликтин өкүлү бул маселе боюнча түзүлгөн атайын комиссия Улуттук университеттин архивдик документтерин текшерип, Момбеков окуу жайды аяктаганын тастыктаган документтер табылган жок деп билдирди.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Момбеков биринчи дипломдун негизинде Дипломатиялык академияга тапшырганын эске салды. Шайлдабекова Момбеков экинчи дипломду мыйзамсыз алган деп эсептейт.

«Рыскелди Чыныбековичтин ТИМдин Дипакадемиясынан алган дипломунда ал “жогорку билимдин базасында окуу жайга киргени” көрсөтүлгөн. Тактап айтканда бул 2003-жылы алынган диплом», — деди Шайлдабекова.

Ал эми экс-депутаттын өкүлү Момбековдун биринчи диплому 2020-жылдагы октябрь окуяларында «сейфинен уурдалганын» билдирди. Ошондой эле саясатчынын өкүлү дипломдун жасалма экенин Билим берүү жана илим министрлиги эмес, сот аныктай турганын белгиледи.

Шайлоо мыйзамынын 59-беренесинде парламенттин депутаты «жогорку билими бар» болушу керек деп көрсөтүлгөн. Мындай өзгөртүүлөр 2021-жылдын август айында кабыл алынган.

Момбеков жана «жасалма диплом» чуусу

Экс-депутат Рыскелди Момбековдун биринчи диплому боюнча маселе 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Анда Момбеков шайлоого «Социал-демократтар» партиясы менен катышкан.

УКМКнын маалыматына ылайык, Момбековдун биринчи дипломуна байланыштуу 2020-жылдын 5-мартында «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Анын жүрүшүндө Момбеков көрсөткөн 2003-жылы №196 каттоо номери менен диплом иш жүзүндө Михаил Стародубов аттуу бүтүрүүчүгө таандык болгону аныкталган.

Ал эми 2011-жылы Момбеков ушул диплом менен Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, 2014-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. УКМК талапкер биринчи диплому жок экинчисин ала алмак эмес деп эсептейт.

Мындан улам Боршайком Момбековдун каттоосун жокко чыгарган. Анткен менен Бишкектин административдик соту, кийинчерээк Жогорку сот Момбековдун талапкерлигин калыбына келтирген. Бирок «Социал-демократтар» Жогорку Кеңешке өткөн эмес.

2020-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоодо Парламентке 36 бир мандаттуу округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келген. Ал эми Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыккан. Мындан улам 2022-жылдын 27-февралына кайра шайлоо дайындалган.