Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү. Ал Пекин Олимпиадасынын ачылышына катышат

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу 24-январда мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул президенттин алдыда Кытайга боло турган жумушчу сапарына байланыштуу.

«Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган», — деп түшүндүрүштү басма сөз кызматтан.

Мындан тышкары, «мамлекет башчысы толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат» деп белгилешти.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон жумушчу сапары 3-5-февралга пландалган. Анда президент Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Эсеби боюнча 24-кышкы Олимпиадалык оюндар 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин Кытайдын борбор калаасы Пекин шаарында өтөт.