БУУ Кыргызстанга токой жана жайыттарды калыбына келтирүүгө 29 млн доллар берет

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасы Айыл чарба министрлигине гранттык негизде 29 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу парламенттин 24-январдагы жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, грант өлкөдөгү токой жана жайыттарды калыбына келтирүү үчүн 7 жылга берилет.

«Токойлорду калыбына келтирүү боюнча 6 миң гектар токой отургузулат. Экинчи, 644 миң гектарга жакын жайыт калыбына келтирилет», — деди Шерипов.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоор бир гана гранттык каражаттардын эсебинен каржыланбай турганын белгиледи.

«657 миң доллар бюджеттен кете турган каражат, ошон үчүн бул грант эмес. Андан кийин Кыргыз-орус фондунан 15 миллион бөлүнөт, бул деле грант эмес, туурабы? ФАОдон 400 миң доллар, АРИСтен 342 миң. Бул толук грант эмес, сиз туура маалымат берип койсоңуз … бул биздин жарандарыбыздын чөнтөгүнөн кете турган каражат болот», — деп тактоону суранды депутат министрдин орун басарынан.

Эл өкүлү 24,5 млн доллар чын эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк консультанттарга жана конференцияларды өткөрүүгө, дагы 109 млн доллар гендердик маселелер боюнча эксперттердин маянасына жумшалабы-жокпу деп сурады. Шерипов муну четке кагып, кийинчерээк толук маалымат берилет деп ишендирди.

Депутат Нурланбек Шакиев Кыргызстандын токтойлорун жандандырууга көп эле каражат бөлүнүп жатканын, бирок токтойлордун абалы эмнегедир жакшырбай жатканын белгиледи. Анын пикиринде, өлкөдө жыл сайын жаңы көчөттөр тигилет, ал эми эскилери өлөт, «себеби алар менен эч кимдин иши жок». Шерипов бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын айтып жооп берди.