Кыргызстан бирдиктүү энергошакектеги үзгүлтүктөн улам эки саатан ашык жарыксыз калды

Кыргызстанда 25-январда түшкө жуук электр энергиясы кокустан өчүп калды. Өлкө эки сааттан ашыгыраак убакыт электр жарыгысыз калды.

Казакстан менен Өзбекстандын айрым аймактарында да жарык үзгүлтүккө учураганы дароо эле белгилүү болду. Борбордук Азиянын үч өлкөсү тең бирдиктүү энергетикалык шакекке туташкан.

Кийинчерээк Өзбекстандын энергетика министрлиги электр энергиясынын өчүшү Казакстандын аймагында болгон авариядан улам келип чыкканын кабарлады. Бирок казак тарап электр энергиясынын өчүшүнө Өзбекстан менен Кыргызстандын энергосистемасында электр тармагындагы кубаттуулуктун жогорулашы себеп болду деп билдирди.

Электр энергиясынын өчүшү интернет жана мобилдик байланыштын,ошондой эле ысык жана муздак суунун берилиши үзгүлтүккө учурашына алып келди. Бардык коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жарыкты этабы менен берүү бир нече саатты ала турганын билдирди. Энергетика министрлиги ЖЭБ жана ГЭСте эч кандай авария болбогонун кабарлады.

Саат 14:30дар чамасында Бишкекте, Ошто жана да Кыргызстандын бир катар облустук райондордо электр энергиясы бериле баштады.

«Энергетика министринин тапшырмасы менен энергокомпаниялар Бирдиктүү энергошакек боюнча этабы менен электр энергиясын берүүнү башташты. Өлкөнүн электр энергиясын жөнгө салуучу ири объектилери штаттык режимде иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча Борбордук Азиядагы электр энергиясы системасындагы мүчүлүштүк аймактагы энергосистемаларынын биринен улам келип чыккан», — деп жазды Кыргызстан Улуттук энергетика тармагынын басма сөз катчысы Элзада Саргашкаева.