«Ташиевдин схемасы»: «Кыргыз Петролеум» Болот Темировду сотко берүүгө даяр

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Байгазы Матисаков компания иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасын сотко берүү маселесин карап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 25-январда журналисттерге уюштурулган пресс-турда айтты.

20-январда TemirovLive ютуб каналында «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы» аталышындагы журналисттик иликтөө жарыяланган. Журналисттер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар «Регион Ойл» компаниясы «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасынан чыккан мазутту Өзбекстанга ортомчу катары экспорттоп жатканын аныкташкан.

«TemirovLive’дын журналисттери элди туура эмес жакка буруп, туура эмес маалымат бергени үчүн эмгек жамаатыбыз ушунчалык ойлондук. Бизге бир ооз чалып коюшса маалымат бермекпиз. КПК бүгүнкү күнү маалыматка ачык», — деди Матисаков.

Ташиевдин жээни «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы «Регион Ойл» команиясына мунайды кайра иштетип берип кызмат көрсөтүп жатканын айтат. Анын берген маалыматы боюнча жеке ишкана экспорттоп жаткан мазут аларга гана таандык. Ал эми мамлекеттик ишкана өндүрүүчү жана кызмат көрсөтүүчү тарап болуп саналат.

Матисаковдун айтымында, «Кыргыз Петролеум Компанинин» 200дөн ашык кызматкери ага кайрылып, «компанияны каралаган» журналисттерди сотко берүүнү суранышкан.

«Биздин таза экенибизди айтайын деп журналисттерди күттүм. Жана алар эмне үчүн 5 мүнөттүк видео менен биздин компанияны каралашы керек? Биз кеңешип көрөбүз, эгер ушундай эле улана берсе Болот Темировду жана анын командасын сотко бергенге даярбыз. Бул маселени карап жатабыз», — деди Матисаков.

25-январда «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясы журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүп жатат. Муну менен компания Temirov Live командасынын иликтөөсүнөн кийин актыгын көрсөтүүгө аракет кылууда.

Журналисттер эмнени аныкташкан?

Temirov Live’дын журналисттери мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы «Регион Ойл» компаниясына мазут сатканын аныкташкан. Андан кийин «Регион Ойл» компаниясы мазутту Өзбекстан менен Италияга сатып, андан 37 млн сом киреше тапкан.

Эң эле маанилүүсү «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни башкарат, ал эми экинчи компания — «Регион Ойл» — Назгүл Айдарова аттуу аял аркылуу Ташиев менен байланыштуу. Айдарова «Регион Ойл» ишканасынын директору, ошол эле убакта негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми жетекчиси болуп депутат Шайырбек Ташиев эсептелген «Жалал-Абад нефтти кайра иштетүүчү заводу» ЖЧКсында бухгалтер болуп иштейт. Муну УКМКнын төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев да тастыктаган.

Иликтөө жарыялангандан кийин ИИМдин кызматкерлери Temirov Live басылманын негиздөөчүсү Болот Темировду кармашкан. Ага баңгизатты мыйзамсыз сактоо айыбы тагылган. Күч кызматкерлери журналисттин кеңсесине бастырып кирип, бардык техниканы алып кетишкен.

Андан соң активисттер жана кайдыгер эмес жарандар Темировду колдоп нааразычылык акциясына чыгып, анын натыйжасында журналист эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Бирок ага карата иш бүгүнкү күнгө чейин токтотула элек.