Ташиевдин жээни: Мен таекем менен сыймыктанам жана ушул кишидей болгум келет

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик компаниясынын башчысы Байгазы Матисаков 25-январда журналисттерге уюштурулган пресс-тур учурунда таекеси менен сыймыктанарын жана таекесиндей болгусу келерин айтты.

«Камчыбек Кыдыршаевич менин бир тууган тагам (таекем). Кудайга шүгүр. Мен ал киши менен сыймыктанам. Мен да ушул кишидей болуп элди, жерди сүйгөн, мамлекет үчүн күйгөн ошондой инсан болуп, ошондой татыктуу ата болуп, татыктуу эр жигит болуп, ушундай нерселерге жетким келет», — деди ал.

Матисаков өзүнүн «таза» экенин, «анын ишине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок» экенин айтып ишендирди.

«Моралдык жоопкерчиликке келе турган болсок, эгерде мен иштеген күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин бир уурулук менен, коррупциялык иштер менен алектенген болсом, жөн эле кетип калам. Мени бирөө айтып чыгарсын, бир видео материал чыгарсын, ушул Байгазы бизден ушунча акча алды, коррупцияга батты дей турган болсо, мен ушул жерде турганга акым жок, мен кетем. Кудайга шүгүр мен тазамын, акмын, мен бул жерге карыз болуп, креслону сатып алып келген жокмун, мен ишенич менен келгенмин», — деди ал.

«Кыргыз Петролеум Компани» ишканасынын жетекчиси кесиптик ишмердүүлүгүн жөнөкөй бухгалтердиктен баштаганын, кийинчерээк ири компаниянын жетекчиси болгонун кабарлады.

«Кесибим ишканаларды эконикалык башкаруу боюнча менеджер, ошонун арасында нерфт-газ тармагын окуп бүткөнмүн. Дипломум бардыгы бар, Кудайга шүгүр», — деп кошумчалады Матисаков.

«Ташиевдин схемасы». Журналисттик иликтөө

Temirov Live’дын журналисттери мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы «Регион Ойл» компаниясына мазут сатканын аныкташкан. Андан кийин «Регион Ойл» компаниясы мазутту Өзбекстан менен Италияга сатып, андан 37 млн сом киреше тапкан.

«Кыргыз Петролеум Компани» ишканасын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни башкарат, ал эми экинчи компания — «Регион Ойл» — Назгүл Айдарова аттуу аял аркылуу Ташиев менен байланыштуу. Айдарова «Регион Ойл» ишканасынын директору, ошол эле убакта негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми жетекчиси болуп депутат Шайырбек Ташиев эсептелген «Жалал-Абад нефтти кайра иштетүүчү заводу» ЖЧКсында бухгалтер болуп иштейт. Муну УКМКнын төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев да тастыктаган.

Иликтөө жарыялангандан кийин ИИМдин кызматкерлери Temirov Live басылманын негиздөөчүсү Болот Темировду кармашкан. Ага баңгизатты мыйзамсыз сактоо айыбы тагылган.

Күч кызматкерлери журналисттин кеңсесине бастырып кирип, бардык техниканы алып кетишкен.

Андан соң активисттер жана кайдыгер эмес жарандар Темировду колдоп нааразычылык акциясына чыгып, анын натыйжасында журналист эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Бирок ага карата иш бүгүнкү күнгө чейин токтотула элек.