Бишкек ЭЭА: Алтынды бөлүп алуучу «көмүскө фирма» 2019-жылга чейин иштеген

Сүрөт: Бишкек ЭЭА

Бишкек эркин экономикалык аймагында (ЭЭА) «алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишмердик жүргүзгөн» жеке компания 2019-жылга чейин иштеген. Мындай билдирүүнү мекеменин басма сөз кызматы Башкы прокуратуранын маалыматынан кийин жасады.

Буга чейин көзөмөл орган жеке фирма Бажы кызматынын жана Бишкек ЭЭАнын кызмат адамдарынын колдоосу менен «уруксат берүүчү документтери жок, көп убакыттан бери алтынды бөлүп алуу ишмердигин жүргүзүп келгенин» маалымдаган. Ошондой эле Башкы прокуратура фирма «техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузганын» айтып, «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми эркин экономикалык аймактан сөз кытайлык «Эрик Металл» ЖЧКсы тууралуу болуп жатат деп бошомолдошту. Мекеменин маалыматы боюнча аталган компания ишмердүүлүгүн 2000-2019-жылдары жүргүзгөн.

«Фирма магний, алюминий жана башка металлдарды өндүрүп, кайра иштетчү. Тактап айтканда, лом жана түстүү металлдардын калдыктарын сатып алып, аны эритип, алюминь жана коргошундан жасалган даярдыктарды сатчу. 2017-2018-жылдары “Эрик Металл” ЖЧКсы алтын камтыган породаларды алып кирүү жана чыгаруу менен алектенген. Товарларды көзөмөлдөө жана каттоону Бишкек ЭЭАнын Бажы башкармалык борбору тарабынан ишке ашырылган», — деп берилет маалыматта.

Бишкек ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров 26-январда түз эфирге чыгып, алгач мекеменин жаңы жетекчилиги «Шэнке Компани» ишканасынын «карыздары көп болуп кеткендиктен» текшерүүнү баштаганын билдирди. Тайчабаровдун айтымында, «Шэнке Компани» 2019-жылы «Эрик Металл» ЖЧКсын сатып алган.

«Текшерип барганда алтындын калдыктарын көрүп, акт түзүп, тескерисинче биз ошол маселелерди карап берүү боюнча талап кылганбыз», — деди ал.

Ошондой эле Тайчабаров «Эрик Металл» ЖЧКсы 2017-2019-жылдары алтындын рудасын ташып жүргөнүн тастыктаган таблицаны көрсөттү.

Тайчабаров 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин «Бишкек» ЭЭАнын башчысы болуп дайындалган. Анын бир тууган карындашы Адинай Марипова болсо президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон. Ошондой эле ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ынтымак» партиясынан талапкерлигин койгон. Бирок мандат алуу үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүндө алтынды бөлүп алуучу көмүскө фабрика табылды

«Кутуруп келип бирөөнү сүзгөн эмесмин». Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына учурады