«Энергошакекче» деген эмне жана эмне үчүн электр жарыгы Борбор Азиянын дароо үч өлкөсүндө өчтү?

Материалдын түп нускасы «Настоящее время – Азия» сайтында жарыяланган.

25-январда электр тармагында ири алкактагы авария болуп, бир эле учурда үч өлкөдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады: Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан. Бул аталган өлкөлөр СССР убагынан бери кубаттуу электр өткөрүүчү линиялар (энергетикалык шакекче) менен бириктирилгендиктен улам болгон. Теория боюнча, эгер бир өлкөдө авария болсо, система ага жардамга келиши керек.

«Настоящее время – Азиянын» журналисттери өз видеосунда Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчеси тууралуу жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып айтып беришти.