Лебединовкада мектеп окуучусун сабоого айыпталган мугалим жумушунан бошоду

Чүй облусунун Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиясынын мугалими жумушунан бошоп кетти. Буга чейин мектеп окуучусунун ата-энеси аталган аял окуучуларды сабап жүргөнүн билдиришкен. Аял жумушунан бошоп кеткенин «Клоопко» Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Ведомстводон мугалим өз ыктыяры менен жумуштан бошоп кетүү арызын жазып, мектеп жетекчилиги арызды кабыл алганын кошумчалашты.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 21-январда тарых сабагынын мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда жаңжал чыккан. Кийин окуянын видеосу соцтүйүндөргө чыгып кеткен. Видеодон мугалим окуучуга күч колдонуп жатканын көрүүгө болот.

Окуучулардын ата-энелери мугалим балдарды дайыма сабайт деп билдиришкен.

Министрликтен окуядан кийин 24-январда мектепте ата-энелер менен милиция кызматкерлери катышкан кеңешме өткөнүн айтып беришти.

«Жолугушуунун жыйынтыгында мектеп жетекчилигине “Мугалимдин статусу жана этикасы” жөнүндөгү мыйзамды сактоо боюнча мугалимдердин жааматына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды», — деп билдиришти министрликтен.