Temirov Live’дын иликтөөсү: Активисттер Ташиев менен Ниязбековдун отставкасын талап кылышты

Президент Садыр Жапаровдон УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди жана ички иштер министри Улан Ниязбековду отставкага кетирүүнү талап кылышты. Буга байланыштуу кайрылууга Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, ошондой эле журналисттер жана укук коргоочулар кол коюшкан.

Президентке кат Temirov Live редакциясынын журналисттерин аңдуу жана интернеттеги жемелөөнүн шартында жарыяланды.

«Биз Конституцияга ылайык абсолюттук жана кол тийгис деп эсептелген адамдык абройду эч нерсени көзгө илбей тебелеп жаткан УКМК жана ИИМдин жетекчилерин кызматтан алууну талап кылабыз», — деп жазылат кайрылууда.

Кайрылуу ээлеринин айтымында, Ташиев менен Ниязбеков бир катар конституциялык укуктарды бузушкан:

  • маалыматтын купуялуулугу;
  • сүйлөшүүлөрдүн жана байланыштардын купуялуулугу;
  • жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды мыйзамсыз чогултуудан жана таратуудан коргоо;

«Өз жоопкерчиликтерин аткаруунун ордуна, алар коопсуздукту камсыздоо үчүн мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аша чаап пайдаланып, журналисттердин, оппозициячыл саясатчылардын жана активисттердин жеке жашоосуна тыкыр көзөмөл орнотуп алышты», — деп жазылат президентке кайрылууда.

Кайрылуу ээлери УКМК менен ИИМдин аракеттерин «уятсыздык, пастык жана жийиркеничтүү» деп аташты.

«Бул УКМКны жана ички иштер органдарын биротоло дискредитация кылуу. Мамлекетибиздин бедели, [президенттин] имиджине ордуна келгис зыян тийгизилди», — деп билдиришти алар.

Алар эгер Садыр Жапаров чара көрбөсө, анда муну «ыплас иштерге аралашуу» деп баамдашат, себеби Ташиев менен Ниязбеков — президенттин үзөңгүлөштөрү.

Ал арада УКМКны депутат Дастан Бекешев да сынга алды. Парламенттин 26-январдагы жыйынында Бекешев атайын кызмат журналисттердин жеке жашоосун коомчулукка жарыялап «уят» болууда деп айтты.

Болот Темировдун кармалышы жана кесиптештерин мындан аркы жемелөө Temirov Live командасынын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу иликтөөсү жарык көргөндөн кийин болду. Андан кийин белгисиз колдонуучулар журналисттин жеке жашоосу тууралуу жашыруун камерага тартылган видеону жарыялай башташкан.

Темировдун кармалышы коомчулукта резонанс жаратып, бир суткадан кийин ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.