«Ыңгайсыз абал». Парламенттин каршылыгына карабастан Идрис Кадыркулов элчи болду

Идрис Кадыркулов

Жогорку Кеңештин депутаттары 26-январдагы отурумда Идрис Кадыркуловдун Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалганын сынга алышты.

Кадыркулов кызматка 25-январда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалган. Анткен менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 24-январда Кадыркуловдун талапкерлигин жактырган эмес.

Депутат Айбек Осмонов Кадыркуловдун дайындалышы «туура эмес» экенин билдирди.

«Тышкы иштер министрлиги, мындай боло турган болсо Жогорку Кеңештин комитетине алып келбей эле өздөрүнүн ишин кыла беришпейби? Комитетке келип, талкуу болуп, андан кийин колдоо таппаган талапкер дайындалып жатат — бул туура эмес болуп калды», — деди Осмонов.

Ал эми президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов Конституциянын 70-беренесине таянып, «президент Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындап, кайра чакыртып алаарын» эске салды.

«Бул жаңы Конституциянын нормасы, өзүңүздөр билесиздер: эгерде бир мыйзам экинчи мыйзамга карама-каршы келе турган болсо биздин Баш мыйзам түздөн-түз иштейт», — деп жооп берди Абытов.

Ал эми депутат Нурлан Шакиев Абытовго мындан ары элчилик кызматка талапкерлерди Жогорку Кеңештин комитетин макулдугун алуу үчүн алып келбөөнү айтты.

«Бул силердин катаңар. Силер ушундай иш-аракеттериңер менен парламент менен президентти ыңгайсыз абалга коюп жатасыңар [...] Бул жерде парламенттин аброю жөнүндө сөз болуп жатат. Коомчулук түшүнбөй жатат азыр: парламент бирди, президент башканы айтып жатат. Коомчулукта демек бул парламент “чимкирик-парламенттен” айырмасы жок экен, президент парламентти укпайт экен деген талкуулар болуп жатат», — деди Шакиев.

Ал эми Абытов учурда мыйзамдар жаңы Конституцияга ылайык инвентаризацияланып жатканын билдирип, «мындай туура эмес нерселер экинчи кайталанбайт» деп айтты.

Кадыркуловдун талапкерлиги 24-январда парламенттик комитетте каралып, бирок колдоо тапкан эмес. Депутаттар Кадыркулов «биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендерине» байланыштуу чуунун шартында УКМКнын төрагалыгынан кеткенин эске салышкан.

*Идрис Кадыркулов 2018-2019-жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон.

Кадыркуловдун отставкасына анын 2018-жылдын аягында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова менен бейформалдуу жолугушуусу себеп болгон. Жолугушууда чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендери талкууланган.

Шаикованын айтымында, жолугушууда ошол кездеги президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси Дастан Догоев жана документтердин бланктарын жасоо боюнча европалык компаниялардын өкүлдөрү болушкан. Кадыркулов Шаиковага швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» басмаканасы менен «кызматташууну сунуштаган».

Бирок Шаикова сунуштан баш тарткан, анткени МКК биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендерин жолугушууга чейин жарыялаган болчу.

*МКК 2018-жылдын октябрь айында паспорттордун бланктарын жасоого 1,2 млрд сомдук тендер жарыялаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган. Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

УКМК бейрасмий жолугушуу чындыгында эле болгонун тастыктаган, бирок атайын кызматтын башчысы Кадыркулов «жеке максаттарды көздөбөгөнүн» билдирген. Ал эми укук коргоочулар Кадыркуловдун УКМКнын башчылык кызматынан кетүүсүн талап кыла башташкан.

2019-жылдын апрель айында УКМК «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, Шаикова кызматынан алынган. Кийинчерээк ал чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө аны издөөгө жарыялаган.

Атайын кызмат сотко чейинки өндүрүштүн алкагында МККнын үч аткаминерин кармаган — алар литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен «көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкону» айтылган. Атайын кызмат келтирилген зыянды 253 млн сомго баалаган.

Ал эми Кадыркулов 26-январда «паспорт чуусу» анын кызматтан кетүүсүнө шылтоо болгонун, анын себеби башка экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

МККнын экс-башчысы менен УКМК төрагасы айтышып жатышат. Бардыгы чет мамлекеттик тендер боюнча бейрасмий жолугушуунун айынан болууда

Чет мамлекеттик паспорттор иши: Сот МККнын тендердик комиссиясынын Garsu Pasaulisтин жеңиши жөнүндө чечимин жараксыз деп тааныды