Чет мамлекеттик паспорттор иши: Сот МККнын тендердик комиссиясынын Garsu Pasaulisтин жеңиши жөнүндө чечимин жараксыз деп тааныды

Жаңылыктын редактору Анна Капушенко чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу иши боюнча күбө жана сотто жоопкер катары өтүүдө. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул макаланын мазмунуна таасир эткен жок.

Чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу боюнча тендерге катышып, эң эле арзан баа сунуштаган Mühlbauer ID Services GMBH немис компаниясы Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган.

Алар соттон Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) тендердик комиссиясынын Garsu Pasaulis компаниясынын бул тендердеги жеңиши тууралуу чечимин жараксыз деп табуусун суранышты.

Ошондой эле компания соттон өз даттануусу боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясынын чечимин жокко чыгаруусун суранды. Сот доогер тараптын суранычын канааттандырды.

«МККнын тендердик комиссиясынын чечимин жана көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын чечими жараксыз деп табылсын. МКК менен Мамлекеттик сатып алуулар департаментинен Mühlbauer компаниясынын пайдасына эки миң сом мамлекеттик алымы бирдей алынсын. Чечим 30 күндүн ичинде даттанууга болот», — деп айтылат соттун токтомунда.

Garsu Pasaulis сот чечимине даттанаарын билдирди. МКК материал жарык көрөөр алдында сот чечимине комментарий берген жок.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы күзүндө жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен. Анда УКМКнын кызматкерлери өз иликтөөсүн башташып, апрель айынын башында атайын кызмат электрондук паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. МККнын аткаминерлери 16-апрелде Garsu Pasaulis менен «афиллирленишкен» деген айыптар боюнча кармалышкан.

Ошондой эле МККнын башчылык кызматынан Алина Шаикова кеткен. МКК ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан жана мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес, анткени Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлгөн эмес деп эсептейт.

Бирок Garsu Pasaulisтин өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.