Чек арадагы ок атышуу: Бир нече айылдын тургундары үйлөрүн таштап кетип жатышат

Баткен облусунун чек арага чектеш Орто-Боз, Көк-Терек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын тургундары үйлөрүн таштап кетип жатышат. Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында ок атышуу жүрүп жатканы маалымдалды.

«Орто-Боз айылында азыр дагы деле ок атылып атат. Биз качып баратабыз азыр. Атышуу болжол менен 18:00-19:00 чамасында башталды. Жардыруунун үндөрү дагы чыгып атат. Айылдын баары чыгып бара атат», — деп билдирди Орто-Боз айылынын жашоочусу Шахрезада.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу.

Жергиликтүү журналист Миңгүл Көчөрова Фейсбук барагында чек арага чектеш айылдардын тургундары Рават айылына кетип жатышканын билдирди. Анын айтымында, кыштын күнүндө тургундары жайгаштыруу оор болот.

«Бирок, кыштын күнүндө мындай көрүнүш абдан оор. Жаш балдар, карылар бар. Кыштын күнүндө ар бир үйдө бирден, экиден эле жылытылган бөлмө бар. СМСтер келип жатат кыштын күнүндө кимдин үйүнө барабыз деген», — деп жазды Көчөрова.

Ал эми Көк-Таш айылынын тургуну «МедиаХабга» тургундар жертөлөдө жашынып отурушканын айтты. Аталган айыл Төрт-Көчөгө эң жакын жайгашкан.

«Ок атышуу болуп атат. Өткөндөн да жаман болуп атат. Тажиктер миномёт менен Төрт-Көчөнү атып атат. Биз азыр конушулар менен баарыбыз подвалда отурабыз. Атышуу бир саат мурун башталган. Эвакуация кылганы эч ким жетишкен жок», — деп түшүндүрдү ал.

Мекеменин маалыматы боюнча Тажикстандын чек арачылары Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын саат 17:30дан 18:00го чейин өз алдынча тосушкан.Жаңжалды алгач жөнгө салууга мүмкүн болгон, бирок Тажикстан тараптан ок атуу башталган. Бул убакыттан тартып чек арага чектеш кыргыз айылдарынын тургундары үйлөрүн таштап, коопсуз жайга кетип жатышат.

Ал эми ок атышуу Чыр-Дөбө аймагында чек ара кызматтарынын ортосунда жүрүп жатканы айтылган. Тажик тарап гранатамётторду жана минометторду колдонуп жатканы айтылган.

Саат 19:30га карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Төрт-Көчө аймагындагы жол ачылганы кабарланды.

Тажикстандын «Озоди» басылмасы Исфара аймагынын администарциясына жана жашоочуларына таянып, алгач жолду кыргызстандыктар тосуп алганын жазды. Абалды турукташтыруу чаралары талкууланып жатат.

Чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү.