Чек арадагы ок атышуу. Тажикстандын тургундарынын версиясы

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы Баткен — Исфана авто жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилке саат 17:30дан 18:00ге чейин Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулганын маалымдады. Ага чейин жолго тажик жарандары таш төгүшкөнүн билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Ошондон кийин

Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында ок атышуу башталган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын маалымдашты. Учурда абал чыңалуу бойдон калууда, чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Ок атышуу башталгандан кийин Баткен облусунун чек арага чектеш Орто-Боз, Көк-Терек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын тургундары үйлөрүн өз алдынча таштап кетип башташты. Бул тууралуу жергиликтүү журналист Миңгүл Көчөрова Фейсбук барагында билдирди.

Ал эми Тажикстандын «Азия-Плюс» басылмасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал кыргыз жарандары Тажикстандын Сомониён айылынын тургунунун унаасына таш ыргыткандан улам келип чыкканын билдирди.

«Алгач кыргыз чек арачылары ок ата баштады, ага жооп иретинде тажик аскерлери да ок атты, анан атышуу башталды», — деп кабарлаган басылмага айыл тургундарынын бири.

Басылманын маалыматын ылайык, атышуунун кесепетинин жабыркагандар бар. Ошондой эле, учурда Сомониён айылында жашаган аялдар жана балдар коопсуз жайга көчүрүлүп жатканы айтылды.

«Азаттыктын» тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Негизги беттеги сүрөт «Азаттык» басылмасынан алынды.