Өзбекстан Баткендеги эки айылга 400 жана 300 орундуу жаңы мектеп салып берет

Сүрөт: Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Өзбекстан Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек жана Лейлек районундагы Маргун айылдарына эскилиги жеткен эки мектептин ордуна жаңы мектеп салып берет.

Бул тууралуу «Клоопко» Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азатбек Курбанбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июнда Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров баштаган өзбек делегациясы Баткен облусунун Кадамжай шаарына иш сапарына келишкен. Коңшу мамлекеттен келген делегация менен Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жолугушуп, жетекчилер эки тараптуу алаканы жакшыртууну макулдашышкан.

Курбанбековдун айтымында, өзбек делегациясы Самаркандек жана Маргун айылдарынын тургундары жана мектеп мугалимдери менен жолугушту. Ошондой эле, жаңы мектептер курула турган жайларды жеринен көрүп келишти.

«Самаркандектеги Сагын Кожобаева атындагы гимназия-жатак мектебинин жанына 400 орундуу жаңы мектеп курулат. Анткени аталган билим уясы 1951-жылы ашар жолу менен курулуп, бүгүнкү күндө эскилиги жеткен.

Маргун айылындагы М.Баетов мектеби да эскилиги жетип, заманбап мектеп имаратына муктаж болуп турат. Ал жака 300 орундуу жаңы мектеп курулат», — деди Курбанбеков.

Облустук администрациядан мектептер 2021-жылдын жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет деп кошумчалашты.

Буга чейин Өзбекстандын колдоосу менен Кадамжай районунда 200 орунга ылайыкташкан жугуштуу оорулар бейтапканасы курулган. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын аймагына салынган.