Ноокенде милиция кызматкеринин ок жеп каза тапкан сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБи милициянын 32 жаштагы сержантынын ок жеп каза тапкан сөөгүн табышты. Маалыматты «Клооптун» журналисттине облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

Алардын маалыматында, ок жеп көз жумган милиционер райондук ИИБдин короосундагы дааратканадан табылган. Сержанттын жанынан табелдик тапанча да табылган.

Милициянын алдын ала версиясы боюнча, маркум өзүн-өзү атып алган. Окуя болгон жерге облустук прокурор жана тергөөчүлөр чакырылган, алар бардык материалдарды чогултушкан. Окуя маалыматтарды каттоо журналына киргизилип, прокуратурага өткөрүлгөн.