ССМ: Чек арадагы ок атышуудан төрт аскер кызматкери жарадар болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жарадар болгон төрт аскер кызматкери эки тез жардам унаасы менен Баткен облустук бириктирилген ооруканасына алып келе жатышат.

Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековго таянып билдирди.

Аскер кызматкерлери чек арага чектеш, ок атышуу жүрүп жаткан Төрт-Көчөгө жакын Көк-Таш айылында жарадар болушкан.

«Жабыркагандарга жардыруучу заттын сыныктары тийген. Жарадар болгондордун абалы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин, министрликтин басма сөз катчысы Жалдыз Айгерчинова Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн билдирген.

«10 медициналык тез жардам бригадасы нөөмөттө турат, кан жана компоненттер даярдалды. Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлердин практикалык борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жөнөтүлдү», — деп билдирген ал.

Чек арада эмне болуп жатат?

Кыргызстандын Чек ара кызматынан чек арадагы ок атышуу кандай башталганын түшүндүрүп беришти. Болжолдуу саат 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалары менен келген.

Тажикстандыктар таштарды түшүрүп, натыйжада Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Аларды тажик чек арачылары коштоп келген. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин автожол кыймыл үчүн ачылган.

Ок атуу кайда башталган?

Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Тажикстандын аскерлеринин аракетине жеринде Согди облусунун губернатору баш-көз болуп турган. Бул күн мурун атайылап даярдалган чагымчылдык экенин тастыктайт.

Бул мыйзам бузуубу?

Чек ара аскерлеринин штаттык топтомуна кирбеген миномёт колдонулуп жатканы Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн каражаттарын колдонуп жатканын көрсөтүп турат.

Бул эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат.

Тажик тарап электр мамыларын жана чек ара заставаларын мээлеп миномёттон ак атып жатат. Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу тууралуу талабын жоопсуз калтырышууда.

Саат 20:49га карата Чек ара кызматынын №2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматка караганда, Көк-Таш айылындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатат. Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде Тажикстандын чек арачылары тарабынан миномёт жана гранатомёт колдонуп жатат.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чоркух жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев каза болгонун билдирди.

Негизги беттеги сүрөт 24.kg басылмасынан алынды.