Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууга карабай ок атууну токтотпой жатат

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынан макулдашууга карабай тажик тарап кыргыз аскерлери жайгашкан позицияга ок атууну токтопой жатышканын билдирди.

27-январь саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстан макулдашып ок атышууну 10 мүнөткө токтоткон. Бул убакта президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзоданын жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган.

Бирок ошого карабай тажик тарап эки тараптуу макулдашууну кайрадан бузуп ок чыгарууну уланткан.

Чек ара кызматы маалымдагандай, 2022-жылдын 28-январына карата саат 00:20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.

Чек арада эмне болуп жатат?

Кыргызстандын Чек ара кызматынан чек арадагы ок атышуу кандай башталганын түшүндүрүп беришти. Болжолдуу саат 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалары менен келген.

Тажикстандыктар таштарды түшүрүп, натыйжада Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Аларды тажик чек арачылары коштоп келген. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин автожол кыймыл үчүн ачылган.

Ок атуу кайда башталган?

Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Тажикстандын аскерлеринин аракетине жеринде Согди облусунун губернатору баш-көз болуп турган. Бул күн мурун атайылап даярдалган чагымчылдык экенин тастыктайт.

Бул мыйзам бузуубу?

Чек ара аскерлеринин штаттык топтомуна кирбеген миномёт колдонулуп жатканы Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн каражаттарын колдонуп жатканын көрсөтүп турат.

Бул эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат.

Тажик тарап электр мамыларын жана чек ара заставаларын мээлеп миномёттон ак атып жатат. Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу тууралуу талабын жоопсуз калтырышууда.

Саат 20:49га карата Чек ара кызматынын №2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматка караганда, Көк-Таш айылындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатат. Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде Тажикстандын чек арачылары тарабынан миномёт жана гранатомёт колдонуп жатат.

Тажик тараптын версиясы кандай?

Тажикстандын «Озоди» басылмасы Исфара аймагынын администарциясына жана жашоочуларына таянып, алгач жолду кыргызстандыктар тосуп алганын жазган.

Ал эми Тажикстандын «Азия-Плюс» басылмасы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу кыргыз жарандары Тажикстандын Сомониён айылынын тургунунун унаасына таш ыргыткандан улам келип чыкканын билдирген.

«Алгач кыргыз чек арачылары ок ата баштады, ага жооп иретинде тажик аскерлери да ок атты, анан атышуу башталды», — деп кабарлаган басылмага айыл тургундарынын бири.