Чек ара кызматы: Тажик аскерлери үч БМП, бир БТР менен даярданган

Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажикстандын Ляккон айылынын чек ара постунда саат 21:50 чамасында тажик аскерлери үч БМП, бир БТР жана миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярдан.

Бул маалыматты президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы УКМКнын Чек ара кызматынын №2001 аскер бөлүгүнө таянып билдирди.

Акыркы маалыматка ылайык, 28-январдын саат 00:20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.

Ага чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Төрт-Көчө жана Үч-Дөбө аймактарында тажик чек арачылары миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирген.

Чек арада эмне болуп жатат?

Кыргызстандын Чек ара кызматынан чек арадагы ок атышуу кандай башталганын түшүндүрүп беришти. Болжолдуу саат 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалары менен келген.

Тажикстандыктар таштарды түшүрүп, натыйжада Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Аларды тажик чек арачылары коштоп келген. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин автожол кыймыл үчүн ачылган.

Ок атуу кайда башталган?

Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Тажикстандын аскерлеринин аракетине жеринде Согди облусунун губернатору баш-көз болуп турган. Бул күн мурун атайылап даярдалган чагымчылдык экенин тастыктайт.

Бул мыйзам бузуубу?

Чек ара аскерлеринин штаттык топтомуна кирбеген миномёт колдонулуп жатканы Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн каражаттарын колдонуп жатканын көрсөтүп турат.

Бул эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат.

Тажик тарап электр мамыларын жана чек ара заставаларын мээлеп миномёттон ак атып жатат. Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу тууралуу талабын жоопсуз калтырышууда.

Саат 20:49га карата Чек ара кызматынын №2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматка караганда, Көк-Таш айылындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатат. Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде Тажикстандын чек арачылары тарабынан миномёт жана гранатомёт колдонуп жатат.

Тажик тараптын версиясы кандай?

Тажикстандын «Озоди» басылмасы Исфара аймагынын администарциясына жана жашоочуларына таянып, алгач жолду кыргызстандыктар тосуп алганын жазган.

Ал эми Тажикстандын «Азия-Плюс» басылмасы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу кыргыз жарандары Тажикстандын Сомониён айылынын тургунунун унаасына таш ыргыткандан улам келип чыкканын билдирген.

«Алгач кыргыз чек арачылары ок ата баштады, ага жооп иретинде тажик аскерлери да ок атты, анан атышуу башталды», — деп кабарлаган басылмага айыл тургундарынын бири.

Ок атышууда жаракат алгандар

Саат 23:15ке карата Саламаттык сактоо министрлиги чек арадагы ок атышуунун кесепетинин төрт кыргыз аскери жаракат алганын билдирген. Аларга жардыруучу заттын сыныктары тийгени бегилүү болгон.

Ал эми «Спутник Тажикстан» басылмасы чек арадагы атышуудан жарат алгандардын саны 13 адамга жеткенин жазды. Алардын 11и аскер кызматкери болсо, экөө жай тургун.

Ошондой эле, басылма Сомониён айылында бир адам каза болгонун жана Исфара шаарынын мэринин жардамчысына да ок тийгенин билдирди.

Негизги беттеги сүрөт Улан Жумаковдун Фейсбук барагына жарыялаган видеонун скриншоту.