Эл өкүлү Бакыт Төрөбев тажикстандык депуттарга чек арадагы абалды көзөмөлгө алууну сунуштады

Депутат Бакыт Төрөбаев Тажикстандын депутаттарына кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды көзөмөлгө алууну сунуштады. Бул тууралуу ал 28-январда Инстаграм барагына жазды.

«Биз сиздер менен бийликтин элдик бутагы — парламенттин өкүлдөрүбүз. Элибизге кызмат кылалы деп шайланып келдик. Ал эми кыргыз жана тажик элинин негизги мүдөөсү — асманыбыздын ачык болуп, өлкөбүздүн өнүгүшү. Биргеликте буга болгон күч аракетибизди жумшашыбыз керек», — деп билдирди ал.

Эл өкүлүнүн айтымында, эки өлкөнүн депутаттары күчөтүлгөн тиртипте иштеп, чек арадагы коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун табышы керек.

Чек ара жаңжалы

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы чек ара жаңжалы 27-январда болгон. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы алгач тажик жарандары Төрт-Көчө аймагына таш төгүп, Баткен — Исфана автожолун жарым саатка тосуп алганын билдирген. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөнү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжал 27-январда болжолдуу саат 17:20да Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылдык кеңешинин тургундарынан турган 50 адамдын белгисиз тобу Ходжаи-Аъло калктуу пунктунун аймагындагы көпүрөдө тажик жаранын «Портер» үлгүсүндөгү унаасын мажбурлап токтоткондуктан башталганын билдирди.

Ошондой кыргыз тарап жолгушууга келгендин ордуна Тажикстандын «жай тургундарына өздөрүнүн ок атуу куралдары менен ок чыгарышкан» деп маалымдайт.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөрүн билдиришкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы «эки тараптын жарандары жабыркаган кагылышуунун тажик тарап атайылап уюштурду» деп белгилеген.

Ошол эле маалда Тажикстандын чек арачылары «кыргыз тарап ок атууну токтотпой, учкучсуз учуучу учактарды колдонуп Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдирген.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы бул айыптоого Тажикстан «маалыматты бурмалап жатат» деп жооп кылды. Ошондой эле Тажикстандын чек арачылары өлкөнүн аймагында чалгындоо жүргүүзүү максатында акыркы учурда учкучсуз аппараттарды колдонуп жүргөнүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматы акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгиледи. Мекемеден «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Түндө Чек ара кызматы Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунудагы жолугушуу аяктап, анын жыйынтыгы менен ок атууну токтотуу макулдашылганын кабарлаган.

28-январь эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени маалымдалды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдын таңына карата Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам жаткырылганын маалымдады. Түрдүү жараат алган жарандардын абалы орточо деп бааланууда.

28-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан Баткен облусуна барды. Маалыматка ылайык, Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу ыкчам жыйынга катышат. Анын айтымында, чек ара чырынан кесепетинен курман болгондор жок.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек арадагы чырга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.