«Кумтөргө жумушка орноштурам». Ысык-Көлдө аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Ысык-Көл райондук милициясы «Кумтөргө жумушка орнотууну убадалап төрт миң доллар сураган» 37 жаштагы аялды 27-январда «алдамчылыкка» шектеп кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач райондук милицияга Бишкек шаарынын тургуну «Майрам» атуу жаранга чара көрүүнү суранып кайрылган. Арыз берүүчү бейтааныш аял өзүн «президенттик администрациянын кызматкеримин» деп тааныштырып, аны «Кумтөргө» жумушка орноштуруу үчүн төрт миң АКШ доллар сураганын билдирген.

Жабырлануучу шектүү президенттик администрацияга тиешеси жок экенин айтып, ал алдамчылык жолу менен акча каражатын алууну көздөп жатканын айткан.

Ал эми милиция бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Ысык-Көл районунун 37 жаштагы «А.М.» атту жаранды кармаган. Шектүүнү акча каражатын алып жатканда кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы 35 жаштагы жаранды алдамчылыкка шектеп кармаган. Жабырлануучу шектүү анын «ишенимине кирип, алдоо жолу менен мал алам деп убадалап акча алганын» айткан. Ал эми келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 000 сомду түзгөнү белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Бишкекте 100 миң сом өлчөмүндө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды