Бишкекте 100 миң сом өлчөмүндө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы алдамчылыкка шектелген 35 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка карганда, шектүүнүн үстүнөн Бишкек шаарынын Б.Р. аттуу тургуну арыз жазган. Арызда жабырлануучу 2021-жылдын август айында шектүү анын «ишенимине кирип, алдоо жолу менен мал алам деп убадалап акча алганын» айткан. Бирок убадасын аткарбай, изин сууткан.

Басма сөз кызматтан жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 000 сомду түзгөнүн белгилешти.

Факты боюнча Свердлов РИИБи «Алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы А.О. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Тема боюнча дагы окуңуз:

110 миң доллар. Блогер Гүлзат Мамытбек «Алдамчылыкка» шектелип кармалды

«Алдамчылыкка» шектелген БШКнын мүчөсү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды