Жанар Акаев: Жогорку Кеңештин комитети чек арадагы жаңжал маселесин карайт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-январда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маселесин карайт. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Жанар Акаев «Кактус Медиа» басылмасына курган маегинде билдирди.

«Ушундай оор кырдаалда мамлекеттик органдардын, анын ичинде Чек ара кызматынын жетекчилерин алагды кылбай, маселени кийинчерээк кароо чечими кабыл алынды», — деди ал.

Буга чейин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Тажикстандын депутаттарына кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды көзөмөлгө алууну сунуштаган.

«Биз сиздер менен бийликтин элдик бутагы — парламенттин өкүлдөрүбүз. Элибизге кызмат кылалы деп шайланып келдик. Ал эми кыргыз жана тажик элинин негизги мүдөөсү — асманыбыздын ачык болуп, өлкөбүздүн өнүгүшү. Биргеликте буга болгон күч аракетибизди жумшашыбыз керек», — деп билдирген ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, «ушул оор күндөрдө касташуу жана чагымчылдыктан сактанууну» өтүндү. Ал «парламент Баткенде болуп жаткан окуяларды, чек арадагы абалды тыкыр көзөмөлдөп турарын» белгиледи.

«Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт», — деп белгиледи ал.

Чек арадагы жаңжал

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 27-январь күнү кечке жуук башталган. Кыргыз тараптан 11 аскер кызматкери жараат алган, каза болгондор жок. Ал эми тажик тарап 10 адам жабыркап, жергиликтүү тургундардын арасынан эки киши каза болгонун билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы айылдардан 24 миңден ашык адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

28-январь түнү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атууну токтотуу макулдашылган. Бүгүн эртең менен чек арада абал турукташкан. Эки тарап тең алгач жаңжалга бири-бирин күнөөлөгөн.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш Көк-Таш айылындагы чырга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен кылмыш ишин козгонун кабарлаган.

28-январь эртең менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан аймакка барганы белгилүү болду.