Акыркы суткада коронавирустан беш адам каза болду, 389 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 29-январга карата коронавирустан беш адам каза болду, жуктуруунун 389 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 227;
  • Чүй облусунда — 115;
  • Ысык-Көл облусунда — 24;
  • Баткен облусунда — 13;
  • Жалал-Абад облусунда — 12;
  • Талас облусунда — 4;
  • Ош облусу — 2;
  • Ош шаарында — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 197 835ге жетти. Өлкө боюнча 186 386 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 872 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 615 бейтап айыгып чыкты. Учурда 1 086 бейтап ооруканада, ал эми 5 974 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.