Акыркы суткада COVID-19 жуктурган төрт адам каза болду

Республикалык штабдын 1-февралга карата маалыматына ылайык, COVID-19 жуктурган төрт адам каза болду. Мындан сырткары, жуктуруунун 202 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 69;
  • Чүй облусунда — 69;
  • Ысык-Көл облусу — 22;
  • Баткен облусунда — 14;
  • Жалал-Абад облусунда — 9;
  • Ош облусу — 7;
  • Талас облусунда — 5;
  • Нарын облусунда — 5;
  • Ош шаары — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 198 518 жетти.

Акыркы суткада 547 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери вирустан айыккандардын жалпы саны 188 143 жетти.

Коронавирустан жалпы 2884 адам көз жумду. Учурда 1 063 бейтап ооруканада, ал эми 4903 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.