Парламент комитети Бакирова менен Дүйшеевдин кызматтан кетүү арызын канааттандырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 1-февралда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин кызматтан кетүү арызын канааттандырды.

Буга чейин минкабдын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Бакирова менен Дүйшеевдин арызын канааттандыруу боюнча президент Садыр Жапаровдун атынан депутаттардан макулдук берүүнү суранган.

Дүйшеев кызматка 2019-жылдын июль айында дайындалган. Андан бир ай мурда парламент аны конституциялык палатанын судьясы кылып шайлаган.

Ал эми Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровго кызматынан кетүү жөнүндө 31-январда арыз жазган.

Маалыматка ылайык, Бакированын кызматтан кетүүсүнө жаңы Конституцияда Жогорку соттун башчысын кызматка коюу тартиби толугу менен өзгөртүлгөнү себеп болгон.

«Буга чейин төрага/төрайым Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат», — деп билдиришкен Жогорку Соттун басма сөз кызматынан. .

Бакирова 2021-жылдын апрель айында Жогорку соттун төрайымы болуп шайланган. Ал эми Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган.

Дагы окуңуз:

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазды