Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазды

Нургүл Бакирова

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровго кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 31-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бакированын кызматтан кетүүсүнө жаңы Конституцияда Жогорку соттун башчысын кызматка коюу тартиби толугу менен өзгөртүлгөнү себеп болгон.

«Буга чейин төрага/төрайым Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат», — деп билдиришти мекемеден.

Бакирова 2021-жылдын апрель айында Жогорку соттун төрайымы болуп шайланган. Ал эми Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган.

Ал 2018-жылдын 23-майынан тарта Жогорку соттун судьясы болуп, төрайымдын орун басары кызматын аркалаган.

Бакирова Жогорку сотко чейин 2007-жылы Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп жети жыл иштеген. Андан соң Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы, кийин укукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

Ал эми 2015-жылы болгон парламенттик шайлоого Бакирова «Ата Мекен» партиясынын катарында катышкан. Бирок ал мандатка илешкен эмес.

Мындан сырткары, Бакирова Садыр Жапаровго карата «Барымтага алуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында чыккан соттук чечимдерин жокко чыгарган соттук коллегиянын курамында болгон. Анда иш кайра териштирүүгө жиберилип, кийинчерээк иш кыскартылган.

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип, 2021-жылдын март айында кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин өтүнүчү менен Жогорку соттун төрайымы кызматынан убактылуу бошотулду