Жогорку соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова. Сүрөт: Жогорку соттун сайтынан алынды

Жогорку соттун төрайымы болуп Нургүл Бакирова шайланды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына 22-апрелде жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун судьялары атайын жыйынга чогулушуп, анда Жогорку соттун башчылыгына бир добуштан Нургүл Бакированын талапкерлигин колдошкон. Ал эми анын орун басары болуп судья Качыке Эсенканов шайланды.

Нургүл Бакирова — учурда 48 жашта. Ал буга чейин Жогорку соттун төрайымынын орун басары болуп иштеп келген. Ал эми 2018-жылдын 23-майынан тарта ведомствонун судьясы болуп эмгектенген.

Бакирова Жогорку соттун судьясы кызматына келгенге чейин 2007-жылы Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп жети жыл иштеген. Андан кийин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы, андан соң укукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

Гүлбара Калиевага байланыштуу иштер

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева ээлеген кызматынан үстүбүздөгү жылдын 31-мартында бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Калиевага карата эки сотко чейинки өндүрүштү баштаган. «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) иштеп чыгуу жана өздөштүрүүдөгү коррупция иши боюнча тергөөчүлөр Жогорку сот IT-компания менен программалык камсыздоо түзүү үчүн «жасалма» келишим түзгөнүн аныктаган. УКМКда Калиеванын күнөөсүнүн «четке кагылгыс далилдери» бар экенин билдиришкен.

Мындан тышкары, Калиевага карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. УКМКнын маалыматына ылайык, Калиева жана Свердлов райсотунун экс-төрайымы интернетте сот бийлигинин айрым өкүлдөрүн дискредитациялаган видеолорду жайылтышкан.

2020-жылдын 28-декабрында Башкы прокуратура Калиеваны жоопкерчиликке тартуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылган. 2021-жылдын 5-январында комиссиянын отуруму өткөрүлмөк, бирок отурум Калиеванын ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган.

УКМК Калиеваны тартип комиссиясынын ишине атайын бут тосууда деп бир нече жолу айыптаган. Ал эми 3-мартта Жогорку соттун төрайымы «ар кандай шылтоо менен өз маселесин кароону создуктуруп жатат» деп билдирген.

Жогорку сот буга «Комиссиянын отуруму Калиеванын ооруганына байланыштуу жылдырылган. Анын ден соолугунун начарлашы дарылоо мекемеси тарабынан берилген эмгекке жараксыздык баракчасы менен бышыкталган» деп жооп берген.

Жогорку сот айыптоолордун баарын четке кагып, «Жергиликтүү сот» долбоорун эл аралык уюмдар көзөмөлдөгөндүктөн жетекчилик коррупцияга аралашкан болушу мүмкүн эмес экенин билдирген.