Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу минкабдын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетенин жыйынында билдирди.

Абытов Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу президент Садыр Жапаровдун депутаттарга өтүнүч жолдогонун айтты.

Мындан сырткары, өкмөттүн парламенттеги өкүлү президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.

Дүйшеев кызматка 2019-жылдын июль айында дайындалган. Андан бир ай мурда парламент аны конституциялык палатанын судьясы кылып шайлаган.

31-январда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровго кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Маалыматка ылайык, Бакированын кызматтан кетүүсүнө жаңы Конституцияда Жогорку соттун башчысын кызматка коюу тартиби толугу менен өзгөртүлгөнү себеп болгон.

«Буга чейин төрага/төрайым Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат», — деп билдиришкен Жогорку Соттун басма сөз кызматынан. .

Бакирова 2021-жылдын апрель айында Жогорку соттун төрайымы болуп шайланган. Ал эми Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган.

Дагы окуңуз: Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазды