2020-жылы эң эле көп киреше тапкан Жогорку соттун алдыңкы беш судьясы. Алар кимдер?

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана ЖМКларда Жогорку соттун судьяларынын маянасы тууралуу маалымат талкууланууда. Талкуу телеграм-каналдардын биринде Жогорку соттун төлөм ведомостунун сүрөтү жарыялангандан кийин башталган.

Анда учурда иштеп жаткан судьялардын аты-жөнү, банктык карталардын номерлери жана алар 2021-жылдын октябрь айында алды делген маяналардын суммасы жазылган.

Андан кийин Жогорку соттун басма сөз кызматы мекеме кызматкерлеринин маянасы тууралуу документ интернетке жарыяланып кеткени боюнча кызматтык иликтөө башталганын карлагабан. Ведомство интернетте жайылып кеткен документти «расмий эмес» деп атап, ага ишенбөөгө чакырган.

«Клооптун» журналисттери Жогорку соттун судьяларынын 2020-жылга карата декларацияларын текшерип, жыл ичинде эң эле көп киреше тапкан беш адамдын тизмесин түздү.

Декларацияга ылайык, 2020-жылга карата судья Нурсеит Арапбаев эң эле көп киреше тапкан — 6 миллион 889 миң сом. Ал убакта Арапбаевдин 1 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн малы, тиричилик техникасы жана эмеректери болгон. Арапбаев — административдик иштер боюнча коллегиянын мүчөсү.

1,6 млн сом кирешеге ээ болгон судья Качыке Эсенканов да декларациясына 400 миң сомдук жылкылары тууралуу маалыматты көрсөткөн.

Турсунгүл Чаргынова дагы аздыр көптүр 1,3 миллион сомдон бир аз ашык каражат тапкан. Менчигинде баасы 300 миң сомдук Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа, 500 миң сомдук мал-жандык, жылкы жана тиричилик техникалары көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал учурда 380 миң сомдук акциялары болгон.

Ал эми судья Гүлбара Калиеванын 2020-жылга карата кирешеси 1,3 млн сомду түзгөн. Декларацияга ылайык, ал убакта менчигинде кыймылдуу да кыймылсыз да мүлкү болгон эмес.

Бул бештикке кирген акыркы судья — Бактыгүл Аманалиева. Менчигинде 500 миң сомдук бодо малы жана 890 миң сомго бааланган жылкылары бар. Ал 2020-жылы 1,25 млн сом киреше тапкан.

Жогорку соттун калган 30 мүчөсү 2020-жылы 550 миңден 1,1 миллион сомго чейин киреше табышкан. Эң аз маянаны судья Нурланбек Атаназаров алган.