Судьялардын айлыгы тууралуу маалымат интернетке жарыяланып кеткени иликтене баштады

Жогорку сотто мекеме кызматкерлеринин маянасы тууралуу документ интернетке жарыяланып кеткени боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматы тастыктады.

«Жакын арада иликтөөнүн жыйынтыктары ачыкталат», — деп кыскача жооп беришти ведомстводон.

Күн мурун интернетте Жогорку соттун эмгек акыларынын ведомостунун сүрөтү пайда болгон. Анда учурда иштеп жаткан судьялардын аты-жөнү, банктык карталардын номерлери жана алар 2021-жылдын октябрь айында алды делген маяналардын суммасы жазылган.

Сүрөт: Сейчас.kg телеграм каналы

Сүрөттөн судьялардын басымдуу бөлүгү бир айда 23-94 миң сомго чейин, ал эми тизмедеги эки судья — 423 жана 454 миң сомдон айлык алышканын көрүүгө болот. Алар: Күмүшбек Жоомартов жана Болотбек Акматов.

Жогорку соттун басма сөз кызматы бул «ишене тургудай расмий кагаз эмес» экенин билдирген.

«Бул документ анык деп эсептелинбейт, ал жумушчу барак (черновик), аны олуттуу маалымат катары кабыл алууга болбойт», — деп жооп беришкен алар «Медиахаб» редакциясына.

Буга чейин Каржы министрлигинин отчётунда 2021-жылга карата судьялардын маянасы орто эсеп менен 81 миңден 160 миңге сомго чейин көтөрүлгөнү айтылган.

Бирок Жогорку сот бул маалыматты төгүндөгөн. Алардын маалыматында, айлыктар көтөрүлгөндөн кийин судьялардын маянасы 46 миңден 51 миң сомго чейинки сумманы түзгөн. Мындан тышкары, эмгек стажысына жараша — 5%дан 40%га чейин үстөк акы алышат.