«Ден соолугуна байланыштуу». Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов кызматтан кетти

Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 1-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Айтурган Абирова «Клоопко» Курбанов ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен казматтан кеткенин билдирди.

«Мэр болуп келгенден бери жергиликтүү климатка көнө албай кыйналды. Ден соолугу начарлап, кан басымы көтөрүлүп түшпөй койду», — деди Абирова.

Жаныш Курбанов 39 жашта. Нарын шаарынын мэри болуп 2021-жылдын 29-ноябрында дайындалган. Ага чейин Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин орун басары болуп иштеген.

Ал эми 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болгон.

Нарын шаарынын буга чейинки мэри Самарбек Болотбеков 29-сентябрда отставкага кеттүү тууралуу арызын жазган.

Буга Болотбековдун 2021-жылдын 18-сентябрында «Алдамчылыкка» шектелип, УКМКнын тарабынан кармалышы себеп болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча Болотбеков парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбековдун ишине катыштыгы бар. Чойбеков 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо алдоо жолу менен ири өлчөмдө акчаны ыйгарып алууга шектелип кармалган.

20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Самарбек Болотбековду эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

Тема боюнча дагы окуңуз:

УКМК: Нарын шаарынын мэри алдамчылыкка шектелип кармалды

31 жаштагы Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Президент дайындайт. Нарындын мэрин шайлоо жокко чыкты