Президент дайындайт. Нарындын мэрин шайлоо жокко чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрдагы Нарын шаарынын башчысын шайлоону жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан ошол эле күнү маалымдашты.

Чечимди жокко чыгарууга 20-октябрда «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын күчүнө киргени себеп болгон. Ага ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент өзү дайындайт.

Ал эми Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев «Клоопко» шайлоо БШКнын мурда кабыл алынган токтомунун негизинде жана АШКнын уруксаты менен өткөн деп ишендирди.

«Шайлоону "мыйзам артка иштебес мейли" деп Аймактык шайлоо комиссиясы өткөрдү. Бизге биринчи, экинчи протоколдорду берди. Кийин эле "шайлоо жараксыз деп табылып жатат" деп угуп калдык», — деди Молдосалиев.

22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчысына Арслан Сталбек уулун калаа башчысы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин 31 депутаттын ичинен 16сы колдогон.

Боршайком Баткендин Сүлүктү жана Оштун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча токтомду да жокко чыгарды. Ошондой эле Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Чаткал районунун Сумсар, Араван районунун Алля Анаров, Жайыл районунун Красно-Восточный жана Ноокен районунун Достук айыл өкмөт башчыларын шайлоо да өтпөйт.

Себеби мындан ары акимдерди өлкө башчысы дайындайт. Ал эми райондун жетекчилери айыл аймагынын башчысын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.

Тема боюнча:

Мэр жана акимдерди президент дайындайт. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

31 жаштагы Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды