31 жаштагы Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Арслан Сталбек уулу

22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары жеке ишкер жана учурдагы депутат Арслан Сталбек уулуну калаа башчысы кылып шайлады. Сталбек уулунун талапкерлигин 31 депутаттын ичинен 16сы колдоду. Бул тууралуу «Клоопко» Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Нурзада Мукашова билдирди.

Мукашованын айтымында, Нарын шаарынын мэрлигине талапкерлигин Сталбек уулу жана Эмилбек Чымылдаков көрсөтүшкөн. Чымылдаков шаардык кеңештин мурдагы депутаты жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын директору.

«Жыйынга шаардык кеңештин 31 депутаты толук катышты. Көпчүлүк коалиция эки талапкердин ичинен Арслан Сталбек уулуна добуш берди. Ал эми Эмилбек Чымылдаковду 14 депутат колдоду. Бир депутат эки талапкерге тең каршы чыкты» — деди ал.

Арслан Сталбек уулу деген ким?

Арслан Сталбек уулу 31 жашта, ал Нарын шаарында туулуп-өскөн. Жаңы мэр 2008-2013-жылы «Ала-Тоо» эл аралык университетинде каржы жана насыя, банк иштери боюнча билим алган.

Сталбек уулу 2013-жылы KICB банкта, 2015-жылы «Бакай банкта» насыялык эскперт болуп иштеген. Ал эми 2016-2017-жылдары ал «Бакай банкта» насыя бөлүмүнүн башчысы болгон. 2017-2018-жылдары Сталбек уулу «Азия банктын» насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси болуп иштеген.

Ал эми 2020-жылы ал банк тармагынан кетип, Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер болгон. 2021-жылдан баштап, ал «М. Стард» курулуш компаниясынын директорунун орун басары болгон.

Ал эми Юстиция министрлигинин базасында Сталбек уулу «М. Стард» компаниясынын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Экс-мэр Болотбековдун кармалышы

Нарын шаарынын буга чейинки мэри Самарбек Болотбеков «Алдамчылыкка» шектелип, УКМКнын тарабынан 18-сентябрда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Болотбеков парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбековдун ишине катыштыгы бар. Чойбеков 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо алдоо жолу менен ири өлчөмдө акчаны ыйгарып алууга шектелип кармалган.

20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Самарбек Болотбековду эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. Ал эми 29-сентябрда Болотбеков отставкага кеттүү тууралуу арызын жазган.

21-октябрда президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Анда мындан ары республикалык жана облустук маанидеги мэрлерди жана акимдерди президент дайындайт деп жазылган. Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, жергиликтүү тургун туулган жеринде аким, мэр же айыл өкмөт башчы боло албайт.

Ал эми Боршайком Нарын шаарынын мэрин шайлоону 6-октябрда дайындаган — анда жергиликтүү бийлик тууралуу эски мыйзам күчүндө болгон.