Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды

Президенттин басма сөз кызматы 29-ноябрда Жаныш Курбанов Нарын шаарынын башчысы болуп дайындалганын билдирди.

Жаныш Курбанов 67 жашта. Ал 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болгон.

Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков «Алдамчылыкка» шектелип, УКМКнын тарабынан 18-сентябрда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Болотбеков парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбековдун ишине катыштыгы бар. Чойбеков 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо алдоо жолу менен ири өлчөмдө акчаны ыйгарып алууга шектелип кармалган.

Болотбеков кызматтан кеткенде Нарын шаардык кеңешинин депутаттары 22-октябрда калаа башчысына Арслан Сталбек уулун калаа башчысы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин 31 депутаттын ичинен 16сы колдогон. Бирок кийинчерээк БШК Нарын шаарынын башчысын шайлоону жокко чыгарган.

Чечимди жокко чыгарууга 20-октябрда «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын күчүнө киргени себеп болгон. Ага ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин жана акимдерди президент өзү дайындайт.

Ал эми райондун жетекчилери айыл аймагынын башчысын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.

Тема боюнча:

«Моралдык-этикалык себеп». Нарындын мэри отставкага кетти

Президент дайындайт. Нарындын мэрин шайлоо жокко чыкты