Камчыбек Ташиев: Ворухка коридор берилбейт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколдо Ворух анклавына коридор берилет деп айтылбаганын билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда парламенттин чек ара маселеси боюнча жабык эшик артында өткөн отурумунан кийин журналисттерге айтты.

Ташиевдин айтымында, депутаттар андан протоколго боюнча Ворух анклавына коридор берилеби-жокпу деп сурашкан.

«Ак-Сай айылынын [Баткен облусундагы] чыгыш тарабынан беребиз деген жолдун долбоорун келиштик, эмне үчүн, себеби аксайлыктардын өзүнүн коопсуздугун жана Ворухка кирип чыгып жаткан адамдардын коопсуздугун сактайлы деген максат бар. Ал жолду куруунун протоколунда статусу эки өлкөнүн мамлекеттик келишиминин негизинде аныкталат деп турат», — деди Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип.

УКМКнын төрагасы бул статус аныкталмайын жол курулбасын дагы айтты. Ташиев №39 протоколго ишке ашыруу механизмдери киргизилгенин, анда баары алдын ала эске алынганын кошумчалады.

«Эгер протокол биз ойлогондой иштесе, анда [бул] бизге пайдалуу. Протоколду ар ким ар кандай чечмелегени менен андагы баяндоо бирдей эле», — деди Ташиев.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара маселеси боюнча протоколу 27-январда Баткен облусунда куралдуу жаңжал чыккандан кийин талкуулана баштаган.

Анда Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин Ош-Исфана жолу жабылгандыктан жаңжал чыгарды деп айыпташкан. 28-январга караган түнү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атууну токтотуу макулдашылган.

28-январга карата абал «туруктуу» экени айтылып, чек арада түн тынч өткөн. Кыргызстан тарабынан 11 киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилгени кабарланган. Тажик тарап эки жаран көз жумуп, 10 киши жаракат алганын кабарлаган.

2021-жылдын майында Кыргызстан менен Тажикстан биргелешкен билдирүү жасап, тараптар Тажикстандын Исфара районундагы Ходжаи Ало айылы менен Ворух анклавын байланыштырган жол курууну макулдашышкан.