Парламент Бакирова менен Дүйшеевдин отставкасын кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-февралдагы жыйында Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев жана Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын отставкасын кабыл алышты. Буга чейин экөө тең президентке ээлеген кызматтарынан өз эрки менен бошотуу өтүнүчү менен арыз жазышкан.

Нургүл Бакирова жана Карыбек Дүйшеев.

Жыйында эл өкүлү Исхак Масалиев алардан кимдир бирөөлөр тарабынан кызматтан кетүү боюнча кысым болуп-болбогонун сурады. Ал Дүйшеев жана Бакирова кызматында беш жыл толук иштеп берүүгө ант беришкенин белгиледи.

Президенттин жана минкабдын парламентеги өкүлү Алмас Абытов алар кызматтан кетүү тууралуу арызды өз калоосу менен жазышканын билдирди.

«Эч кандай басым-кысым болгон жок», — деди ал.

Бакирова менен Дүйшеевдин кызматтан кетүүсү жакында эле маалым болгон. Жогорку сот Бакированын кызматтан кетиши Конституцияда Жогорку сотту шайлоо тартиби өзгөрүлгөнүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Бакирова 9 ай Жогорку соттун төрайымы болуп турду.

Ал эми Карыбек Дүйшеевдин кызматтан кетүү себеби белгисиз. Ал Конституциялык палатанын төрагалыгына 2019-жылдын 1-июлунда дайындалган.

Бүгүн, Конституциялык палатанын жана Жогорку соттун төрагалыгына президент өзүнүн мурдагы жактоочусу Замирбек Базарбековдун жана Конституциялык палатанын төрага орун басарлыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин көрсөткөнү белгилүү болду. Профилдик комитет алардын талапкерлигин жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Эмил Өскөнбаев жана Замирбек Базарбеков.

Конституцияга ылайык, президент Конституциялык палатанын жана Жогорку соттун төрагаларын Судьялардын кеңешинин жана парламенттин макулдугу менен Конституциялык палатанын жана Жогорку соттун судьяларын ичинен дайындайт. Алар беш жылга дайындалат.