Тажикстан ТИМи студент жана мугалимдерди Кыргызстанга баруудан баш тартууга чакырды

Тажикстан ТИМи Кыргызстандын билим берүү уюмдарында иштеген же окуган тажикстандыктарды Кыргызстанга барбай турууну «көптөн-көп суранды». Мындай өтүнүч 2-февралда ведомствонун сайтында жарыяланды.

Алар Кыргызстандын министрлер кабинети тажикстандыктарга өлкөнүн жогорку окуу жайларында окууга жана иштөөгө уруксат берсе да «Кыргызстанда тажик жарандарына калыс мамиле жасалбайт» деп билдиришти.

Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын окуу жайлары Тажикстандын ЖОЖдоруна которулууну каалаган студенттерге «документтерин берүүнү кечиктирип, тоскоолдук кылып жатат» деп айтууда.

«Документтерди кайтаруудагы эң көп коюлган талап — толук окуу жылы үчүн окуу акысын төлөө, бул болсо тажикстандык студенттер Кыргызстандын окуу жайлары менен түзгөн келишимдерде көрсөтүлгөн эмес. Ал эми чек ара өтмөктөрүндө тажикстандык студенттерди кармап жатышат», — деп белгиледи Тажикстандын ТИМи.

Министрлик тажик жарандарына дагы деле Кыргызстанга кирүүгө же өлкө аркылуу башка мамлекеттерге транзит менен учууга тыюу салынганын эскертишти.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле чек арада чыккан жаңжалдардан улам чыңалуу бойдон калууда.

Кыргызстан 2021-жылддын апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу ири жаңжалдан кийин Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Сентябрдын аягында «Радио Озоди» («Азаттык радиосунун» тажик кызматы) 100дөн ашык тажикстандык студент Кыргызстанга өтө албай турганын кабарлаган. Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары Кыргызстандын жергиликтүү окуу жайларындагы тажикстандык студенттердин саны эки миңге чамалаган.

2021-жылдын 22-октябрында Кыргызстандын министрлер кабинети тажикстандык студенттерге жана мугалимдерге өлкөгө кирүүгө уруксат берген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 2022-жылдын 27-январында чыккан. Анда бир нече саат ок атышуу болгон. Жаңжал 28-январь күнү таңкы саат 4:00 чамасында басаңдаган. Ок атышуунун кесепетинен Кыргызстандан 11 киши жарадар болгон. Тажикстан тараптан эки адам каза таап, 10 киши жарадар болгону кабарланган.