16 жаштан өйдө жарандарга медициналык камсыздоо алууну милдеттендирүү сунушталды

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын жашы 16 жогору жарандарына медициналык камсыздандырууну милдеттүү кылууну сунуштады. Ведомство мындай түзөтүүлөрдү «Медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору 3-февралда коомдук талкууга коюлду. Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине (ММКФ) каражаттын түшүүсүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт. Кийин бул каражат мамлекеттик кепилдик программасына кетет.

Саламаттык сактоо министрлигинин пикиринде, медициналык камсыздандырууну көбөйтүү менен жарандарды дары-дармек менен жеңилдетилген шартта камсыздоого болот.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, милдеттүү медициналык камсыздоону эмгек келишими менен иштеген адамдар гана алат.

Милдеттүү медициналык камсыздоо деген эмне?

Милдеттүү медициналык камсыздоо — бул Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду адамдарга көрсөткөн кызмат. Камсыздандыруу полисин алуу медициналык кызматтарды мамлекеттик программага ылайык жеңилдетилген шарт менен алууга мүмкүндүк берет.

Полис бир жылга берилет. Төлөмдөрдү өздөрү төлөгөн Кыргызстандын жарандары үчүн анын баасы 2021-жылы 1 286 сом болгон.