Арашанда «сексуалдык ыдыкка» кабылганын айткан кыздын чоң атасы асынган абалда табылды

Скрин The Keen Walker Youtube-каналынан алынды

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы январдын башында Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 34 жаштагы тургуну 11 жашар тууганына «сексуалдык ыдык көрсөтүүгө» шектелип жатканын кабарланган. Милиция 31-январда жабырлануучунун 64 жаштагы чоң атасы өз жанын кыйганын маалымдады.

Эмне болгон?

Алгач үстүбүздөгү жылдын 19-январында Аламүдүн РИИБге Арашан айылынын тургуну 2011-жылы туулган тууганына «сексуалдык ыдык» көрсөткөнү тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо органдары окуяны маалыматты каттоо журналына каттап, териштирүүнү баштаган.

Териштирүү маалында 11 жаштагы жабырлануучу «Т.Д.» өгөй чоң атасы жана чоң энесинин Арашандагы үйүндө жашаганы жана өзүнүн ата-энеси менен катташпай келгени аныкталган.

«Сурак маалында жашы жете элек кыз эки жыл мурун агасы Арашан айылындагы талаада сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаганын жана бул тууралуу эч кимге айтпоону буюрганын айтып берген. Бул окуядан кийин да ал кылмышты кайталоого аракеттенген, бирок кыз агасынан качып жүргөн», — деп билдиришти Чүй ОИИБден.

Жабырлануучу кыз ага карата жасаган ыдыктын кесепетинен ден соолугунан жабыркап, 2022-жылдын 10-январында Чүй облустук ооруканасына түшкөн. Ал ооруканадан чыккандан кийин социалдык кызматкерлердин карамагына өткөрүлгөн.

Ал эми шектүү жана анын туугандары сурак маалында айыптоолорду төгүндөшкөн. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

«Менин эч кандай күнөөм жок»

31-январда Аламүдүн РИИБдин бөлүмүнө Арашан айылындагы үйлөрдүн бириндеги сарайда эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери жерине барып, маркум 1958-жылы туулган «О.Н.» аттуу киши экени жана ал жабырлануучу кыздын чоң атасы болгону аныкталган. Чүй ОИИБден анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок болгонун маалымдашты.

Маркумдун жанынан «менин эч кандай күнөөм жок» деп кечирим сураган кат табылган. Учурда эки окуя боюнча тең тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Автор: Муслима Довурова