Коронавирустан үч адам каза болуп, 202 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 4-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болуп, жуктуруунун 202 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 107;
  • Чүй облусунда — 46;
  • Ысык-Көл облусунда — 18;
  • Жалал-Абад облусунда — 14;
  • Баткен облусунда — 7;
  • Талас облусунда — 3;
  • Нарын облусунда — 3;
  • Ош облусунда — 2;
  • Ош шаарында — 2.

Ошондой эле, 4-февралга карата республика боюнча 591 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 164 жетти. Ал эми өлкө боюнча 189 983 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 896 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 966 бейтап, үй шартында 3 784 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.