Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

4-февралда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы борбор калаанын вице-мэри Таалайбек Орозов башка кызматка которулганына байланыштуу, ордуна 36 жаштагы Нурлан Шаршеналиев дайындалганын кабарлады.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Шаршеналиев Чүйдүн Кемин районунда туулган, экономикалык жана юридикалык билимге ээ болгон.

«Ал эмгек жолун Октябрь райондук администрациясынын каржы бөлүмүндө адис болуп баштаган. Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп, кийин башчылык кызматты дагы аркалаган», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Андан тышкары, ведомство Шаршеналиев Ноокен районун акими, Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштегенин кошумчалады.

Буга чейинки вице-мэр Таалайбек Орозов «Бишкексууканал» ААКнын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Орозовду жамаат менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Ошондой эле, Жунушалиев жаңы жетекчиге калктуу конуштарды суу менен камсыздоо жана канализация көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу бир катар талаптарды койду.