Камчыбек Ташиев: Орхан Инанды башка мамлекетте жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат

Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйынында «Орхан Инанды башка мамлекетте жасаган террордук кылмышы үчүн жооп берип жатат» деп билдирди. Ошондой эле ал Инандыны кыргыз жараны менен салыштырбоого чакырды.

«Орхан Инанды башка мамлекетте, башка элде жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат. Кыргызстанда жасаган кылмыштары үчүн жооп берген жок азыркы күндө. Орхан Инанды бизге башка мамлекеттен келген. Ошол мамлекеттин айтуусуна жараша террордук кылмыш кылып анан биздин мамлекетке келип жашап калган адам», — деди Ташиев.

Мындан сырткары атайын кызматтын башчысы «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсүнүн түрк жана кыргыз жарандыгы бар болгонун эскертип, аны «сыртынан жылтырак, ичинен калтырак» киши деп атады.

«Эгерде ал Кыргызстандын жараны болуп кала турган болсо ал Түркиянын жарандыгын тапшырышы керек эле. Ал жарандыгын тапшырбастан Түркиянын жарандыгын колдонуп жашап жүргөн. Кыргызда "сыртынан жылтырак, ичинен калтырак" деп коёт. Демек, сыртынан кыргыздын жаранымын деп коёт, ичинен Түркиянын паспорту менен Түркияда өзгөрүү болсо кетип калам деген максатта өздөрүнүн ишин аткарып жүргөн жаран болгон», — деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев өз сөзүндө Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алганы боюнча 2019-жылы сотко чейинки өндүрүш ачылганын белгилеп, иш дагы деле тергелип жатканын айтты.

Анткен менен юристтер кыргызстандыктарга кош жарандуулук ал мамлекеттик кызматкер болбосо уруксат берилгенин белгилешет. Ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны болгон чакта деле аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүү үчүн атайын соттун чечими болушу керектинин айтышат.

Мындан сырткары алар Инанды «зомбулук менен жоготулду» деген пикирде. Себеби «Зомбулук менен жоготуу» мамлекет же анын атайын кызматы тарабынан, ошондой эле анын макулдугу же колдоосу менен жасалат.

Тема боюнча: Юристтер: Түркия Орхан Инандыны уурдоо менен кыргыз мыйзамдарын бузду

7-июнда Түркиянын коомдук TGRT Haber TV телеканалынын алып баруучусу Ферхат Унлу Инандынын уурдалышына кыргыз бийлигинин катыштыгы бар болушу мүмкүн деген божомолун айткан. Анда Унлу Жапаров Тажикстан менен болгон жаңжалда Орусия жана Кытайдан колдоо таба албай, эми аны Түркиядан издеп жатат деп белгилеген.

Анын айтымында, Түркия Кыргызстан өз аймагында жүргөн ФЕТОнун бардык мүчөлөрүн, анын ичинде «Сапат» мектептерин Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүп бериши керек деген шарт койгон.

Ал эми Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз бийлигинин Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар экени тууралуу божомолдорду «таптакыр сандырак» деп билдирген.

Орхан Инандынын уурдалышы

Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан. Кийин алар Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп божомолдошкон.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.


Түркиянын бийлиги Инандыны «террористтик уюмду түзүү же башкарууга» айыптап жатат. Ал эми Режеп Тайып Эрдоган Инандыны ФЕТОнун* Борбор Азия боюнча башкы менеджери деп атаган.


*ФЕТО же «Фетхуллах Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылган. Ал түркчөдөн Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Түркия 2019-жылы бул айыптоолордун негизинде Инандыны экстрациялоо боюнча өтүнүч жибергенин билдирген. Анткен менен Инанды 2012-жылдан тарта Кыргызстандын жарандыгын алганына байланыштуу кыргыз бийлиги Түркиянын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

ТИМ Түркиянын элчиси Ахмет Доганга нота тапшырып, Инандыны Кыргызстанга кайтарууну талап кылды. Ал эми Доган Орхан Инанды Түркиянын жараны болгонун айтууда.