Түрк жарандарына паспорт берүү. Жарандык маселелер боюнча комиссиянын экс-катчысы кармалды

Эрнист Апилов

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Түркиянын жарандарына кыргыз паспортторун берүүгө шектеп президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысын кармады.

Шектүү «А.Э.» «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Акипресс» басылмасы өздүк булактарына таянып кармалган киши Эрнист Апилов болгонун жазышты — ал бул кызматты 2015-2019-жылдары ээлеген.

Буга чейин Бишкек ШИИБи бул иштин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевди кармаган. Ал «туруктуу коррупциялык схеманын жардамы менен мыйзамсыз иш-аракеттерге» барып, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип жатат.

Мындан сырткары түрк жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да шектелүүдө.

Милиция бул териштирүүнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды уурдалып, Түркияга жеткирилгенден кийин баштаган. Инандыны Түркиянын чалгындоо уюму уурдап кеткени аныкталгандан кийин аны издеп жаткан күч органдары анын кош жарандыгы бар болгонун ачыкташкан.

Ошондой эле Бишкек ШИИБи 2019-жылдан баштап тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инанды кыргыз паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында Инанды түрк жарандуулугунан баш тартпай туруп кыргыз жарандыгын алып мыйзам бузду деп билдирген. Ошондой эле, Ташиевдин айтымында, УКМК 2019-жылы Инанды паспорт алганы боюнча кылмыш ишин козгоп, маалыматтар бир мекемеде болуусу үчүн аны ИИМге өткөрүп берген.

«Инандынын 2024-жылга чейин жарамдуу болгон түрк паспорту бар экен. Ал паспортту дайыма — мамлекеттик чек арадан өтүүдө, сапарларында, өзгөчө батыш өлкөлөрүнө болгон сапарында колдонуп жүргөн. Анын кош жарандуулугу болуп, эки өлкөнүн тең паспортун колдонгон. Ал ушул жерде эле мыйзамды бузган. Эгер Инанды бул жерде болуп биз бул фактты эртерээк ачыктаганда аны жоопко тартмакпыз», — деди Ташиев.

Түркияда Инанды «террордук уюмду башкарууга» шектелип камакка алды. Ал эми Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз кардарынын көрсөтмөлөрүнө таянып, ал тагылган айыпты мойнуна албаганын билдирди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Адвокат: Орхан Инанды аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргызстандык ишке ашырганын айтты