Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата дагы бир сотко чейинки өндүрүш башталды

2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 2016-жылы Түркиянын ондогон жарандарын мыйзамсыз жарандыкка кабыл алып, аларга кыргыз паспорт тапшырганын аныктады.

Бишкек ШИИББ бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөөнү улантууда.

Тергөө иштери кыргыз-түрк «Сапат» эл аралык мектебинин президенти Орхан Инандынын жарандыгына байланышкан териштирүүлөрдүн шартында башталган. Инандыны түрк атайын кызматы Бишкектен уурдап, Түркияга алып кеткени белгилүү болгондон кийин, бир айдан бери Инандыны издеп жаткан Кыргызстандын укук коргоо органдары анын Кыргызстанда жашап жүргөнүнүн мыйзамдуулугунан күмөн санап башташкан.

Ал эми 8-июлда Бишкек ШИИББи Инандынын эки жарандыгы болгонун билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, ал мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында аяктай турчу Түркиянын жаранынын паспортун алып жүрүп, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту менен ID-паспортун алган.

Ошол эле кезде, милициянын маалыматы боюнча, Инанды чек арадан өтүүдө түрк паспортун дагы колдонуп жүргөн. Мындан тышкары, ШИИБ Орхан Инандынын кыргыз паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча иликтөө 2019-жылы эле башталганын билдирген.

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ошол эле күнү маалымат жыйын куруп, Инанды эки паспорт колдонуу менен мыйзам бузду деп билдирген. Бул үчүн ага карата Кыргызстандын аймагында кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Мындан тышкары, Түркиянын Anadolu маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, Орхан Инанды террористтик аскер уюмун түзүп башкарганы үчүн кармалган. Ошондой эле ал бул уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген 25 түрк жаранына кыргыз паспортторун мыйзамсыз алып берген деп дагы айыпталууда.

Тема боюнча:

Камчыбек Ташиев: Орхан Инанды башка мамлекетте жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат