Кыргызстанда 5-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болуп, жуктуруунун 162 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаарында — 92;
- Чүй облусунда — 42;
- Ысык-Көл облусунда — 9;
- Жалал-Абад облусунда — 7;
- Баткен облусунда — 4;
- Талас облусунда — 1;
- Нарын облусунда — 5;
- Ош облусунда — 2.
Ошондой эле, 5-февралга карата республика боюнча 385 адам оорудан айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 326 жетти. Ал эми өлкө боюнча 190 368 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 899 киши көз жумду.
Учурда ооруканаларда 913 бейтап, үй шартында 3 609 адам дарыланып жатат.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.