Бишкектин борборунда ок атышууга катышкан кишилер үй камагына чыкты

Бишкек шаарында ок атышууга катышкандар үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Кактус Медиага» Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-февралда окуя боюнча биринчи соттук отурум болгон. Анда айыпталуучулардын өкүлдөрү жабырлануучулардын доо арызы жоктугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Сот бул өтүнүчтү канааттандырып, шектүүлдөрдү сот залынан бошоткон.

Эмне болгон ок атышуу?

2021-жылдын 22-декабрынын кечинде Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишилердин тобу мушташкан.

Анда мушташ спортчулардын ортосунда болуп, жаңжал учурунда ок атуучу курал колдонулган.

Окуя болгон жеринен тартылган тасмадан мушташка 10 киши катышканын жана алардын биринде автомат бар экенин көрүүгө болот.

Кийинчерек милиция кызматкерлери окуяга катыштыгы бар бир нече адамды таап, кармаган. Алар 29 жаштан 39 жашка чейинки кишилер болгон.

Авторлору: Дилде Шатанова, Айбике Адилет кызы