Бишкекте эркектердин тобу мушташып, чыр ок чыгарууга чейин жетти

Бишкекте 22-декабрь күнү кечинде Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишилердин тобу мушташты.

«Акипресс» басылмасынын маалыматына ылайык, мушташ спортчулардын ортосунда болуп, жаңжал учурунда ок атуучу курал колдонулган.

Жарыяланган тасмадан мушташка 10 киши катышканын жана алардын биринде автомат бар экенин көрүүгө болот.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы «Клооптун» журналисттине аталган факт маалыматты каттоо журналына киргизилип, алдын ала иликтөө башталганын айтышты.

Чырга катышкандардын бир бөлүгү табылып, тергөө кызматына жеткирилди. Милиция жаңжалдын чоо-жайы боюнча толук маалыматты кийинчээрек берүүнү убада кылды.